1. Дарвинизмге ишенүү акыл менен логиканы унутууга барабар
Денебиздеги ар
бир клетка бөлүнүп көбөйөт. Бөлүнүү учурунда клетканын ядросундагы ДНК дагы
копияланышы керек. ДНКны копиялоо процесси болсо адамды укмуш таң калтыра
турган, кемчиликсиз биир уюшкандык, дисциплина жана тартип менен жасалат.
Ичинде 3 миллиард тамгадан турган бир маалымат
сакталган ДНК молекуласы спираль формасындагы бир тепкичке окшошот. Копиялоо
процесси башталганда алгач «ДНК-геликаза» аттуу фермент ал жерге келип, ДНКнын
спираль формасын сыдырманы ачкандай ачып баштайт. Натыйжада ДНКнын спираль
формасында бири-бирине оролгон колдору бөлүнөт. «ДНК-геликаза» ар дайым өз
убактысында кызматта болот жана өз милдетин эч кемчиликсиз, адашпастан, эч ката
кетирбестен, ДНКга эч качан зыян тийгизбестен орундатат.
Андан соң кезек
«ДНК-полимераза» ферментине келет. Бул ферментке болсо ДНКнын экиге бөлүнгөн
колдорун экинчи бир кол менен толуктоо милдети жүктөлгөн. Ал үчүн ДНКнын бир
колун түзгөн ар бир маалыматтын тушуна туура келчү маалыматты таап алып келет. Көңүл
буруңуз! Атомдордон турган, кандайдыр бир маалыматы, аң-сезими же акылы бар деп
эч ким ойлобогон бир фермент ДНКнын жарым колун (бөлүгүн) толуктоо үчүн
керектүү маалыматтарды аныктап, аларды андан соң клетканын ичиндеги тиешелүү
жерлерден алып келип өз ордуна жайгаштырууда. Бул процесс учурунда эч бир ката
кетирбей, 3 миллиард тамганы бир-бирден эң туура аныктап толуктайт. Ал ортодо
дагы бир полимераза ферменти ДНКнын экинчи жарымын ушул сыяктуу толуктайт. Бул
процесс учурунда ДНК спиралынын экиге бөлүнгөн бөлүктөрү кайрадан бири-бирине
оролбошу үчүн «спиральды кармап туруучу» ферменттер ДНКны учтарынан кыймылдатпай
кармап турушат.
Көрүнүп
тургандай, ДНКны копиялоо учурунда көптөгөн ферменттер аскердик дисциплинада,
илим жана акылды талап кылган иштерди аткарышат. Сиздин колуңузга 3 миллиард
тамгадан турган бир текст берилип, аны басма машина менен копиялашыңыз талап
кылынганда, эч бир ката кетирбестен аны копиялай алмак эмессиз. Сөзсүз бир
жерде бир ката кетирип, бир сапты же жок дегенде бир тамганы калтырып
кетмексиз. Бул ферменттер болсо копиялоо ишин мындай каталарды кетирбестен
орундатышат.
Дарвинисттер
болсо бүт бул ферменттерди, ДНКдагы миллиарддаган тамгадан турган маалыматты,
ДНКны копиялоо процессин, бул кемчиликсиз уюштурууну кокустан келип чыккан
дешет. Эволюционисттердин ушунчалык чындыктан алыс бир гипотезага ишениши өтө
чоң бир окуя, ал тургай, өзүнчө бир керемет. Эволюционисттердин мынчалык
логикасыз көз-караштарга эч далилсиз ишенишинин бир гана себеби бар: бул
алардын материализмден кутула албашы жана Аллахтын бар экенин четке кагуудагы
өжөрлүгү.
![]() |
| Клетканын ядросунда жайгашкан ДНК аттуу молекула
– дененин маалымат базасы. Ошондуктан клетка көбөйүү үчүн бөлүнүүдөн мурда сөзсүз ДНКсын да копиялашы керек. |
![]() |
| Спираль формасындагы ДНКны копиялоо үчүн кайра
эле ДНКдагы маалыматтарга карап өндүрүлгөн көптөгөн ферменттер өтө акылдуу жана уюшкан иш-аракеттерди жасашат. |
![]() |
| ДНК копияланаардан мурда ДНК-геликаза аттуу
ферменттер келип, ДНКнын спираль формасын сыдырмадай ачышат. Кызгылт-сары түстөгү формалар ушул ферменттин кыймылын чагылдырууда. |
![]() |
| ДНКнын колдорун бири-биринен ажыратууда кайра
оролуп калбашы үчүн сүрөттө жашыл түстө көрсөтүлгөн спиральды стабилдештирүүчү ферменттер эки колду тең кыймылдатпай кармап турушат. |
![]() |
| Бул аң-сезимсиз заттардын кемчиликсиз бир
кызматташуусунун жана дисциплиналуу, акылдуу иш алып барышынын натыйжасында, ДНК катасыз жана кемчиликсиз копияланат. |
2. Денеңизде 20 мүнөттө бир миллион беттик маалыматты копиялай ала турган бир машина бар экенин билчү белеңиз?
Белгилүү
болгондой, клеткалар бөлүнүп көбөйүшөт. Бул бөлүнүү учурунда жаңы клетка үчүн
клетканын ядросунда жайгашкан ДНКнын да бир копиясын алуу керек болот. Бул
копиялоо учурунда абдан укмуш бир окуя болот.
ДНК 3 миллиард
тамгадан турган, ал жандыкка тиешелүү бүт маалыматтарды сактаган укмуш чоң бир
маалымат базасы болуп саналат. ДНКдагы маалыматтарды текстке айландырсак, жалпысынан
1 миллион беттен турган, болжол менен 1000 томдук бир энциклопедия сериясын
алабыз. Ошондуктан ДНКны копиялоо 1 миллион беттик текстти же, башкача
айтканда, 1000 томдук энциклопедияны копиялоого барабар.
Бул копиялоо
процессинин канча убакытка созулаарын билесизби?
20 менен 80
мүнөт арасында.
Көңүл буруңуз,
бул 1 миллион беттик тексттин 20 менен 80 мүнөт арасындагы бир убакытта, эч бир
ката жана кемчилик кетирилбестен копияланышы деген мааниге келет. Бүгүнкү күндө
эч бир ксерокопия аппараты же технологиялык каражат мынчалык кыска убакытта
мынчалык маалыматты катасыз жана кемчиликсиз копиялай албайт. Жана көңүл
буруңуз, ДНКдагы маалыматтарды копиялаган технологиялык каражаттар эмес, көзгө
да көрүнбөгөн клеткаларыбыз. Эми ойлонуп көрөлү:
Ар бир клетка
бөлүнгөндө ДНКнын бир копиясын алуу керек экенин ойлонгон, ДНКны эң ылдам жана
эч кемчиликсиз копиялаган, кетирилген каталарды тездик менен оңдой турган
системаны уюштурган күч, акыл, эрк жана илим кимге тиешелүү?
Мынчалык
комплекстүү, кемчиликсиз жана катасыз бир тартипти кокустан пайда болгон деп
айтуу эч бир акылга жана логикага сыйбайт. Ааламдагы бүт атомдорду жана
керектүү бүт шарттарды бир жерге топтосоңуз да, ДНКны копиялай турган системаны
кокустан ала албайсыз.
Апачык көрүнүп
тургандай, мынчалык кемчиликсиз бир системаны жараткан жана миллиондогон жылдан
бери жаратып келе жаткан Зат – бул чексиз илимдүү, чексиз акылдуу жана чексиз
кудуреттүү Аллах.
Асмандардагы жана
жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса
Сүрөсү, 126)
![]() |
| 20-80 мүнөттүн ичинде 3 миллиард тамга, 1 миллион бет, 1000 томдук энциклопедияны толтура турган маалымат эч катасыз копияланат. |
3. ДНКнын кынтыксыздыгы эволюция теориясын жокко чыгарууда
Адамдын бир
даана ДНК молекуласында бир миллион беттик маалымат болот. Бул маалыматтардын
баары абдан тартиптүү тизилген. Эми ойлоп көрүңүз, миллиондогон тамганы туш
келди бир көчөгө чачсак, бул чачылган тамгалардын баары бир макалага айланып,
анан бул миллиондогон тамгалар гезитте жазылган тексттердей тексттерди пайда
кылса, муну сокур кокустуктун натыйжасында болуп калды деп айтканга болобу?
Дарвинисттик түшүнүк боюнча, мындай кереметтүү окуя кокустан болуп калышы
мүмкүн.
Дарвинизм бүт
дүйнөнүн элдерин шылдыңдаган, аларды жаш баланы алдагандай алдадым деп ойлогон
бир идеология. «Кокустук» кудайдын акылындай чагылдырылган бул көз-карашта
«кокустук» дүйнөдөгү бүт адамдардын акылынан да акылдуураак, укмуш бир генийдей
көрсөтүлөт. Эволюционисттердин ою боюнча, миңдеген жылдан бери жашап өткөн
канча адам бар болсо, баарынын мээсин, акылын, ойлонуу жана ой-жүгүртүү жөндөмдөрүн,
эс-тутумун, дагы жүздөгөн жана миңдеген материалдык, руханий өзгөчөлүктөрүн
калыптандырган «кокустук» аттуу бул «генийге» убакыт гана керек. Эгер
кокустукка зат менен убакыт берип койсо, адамдарды, кумурскаларды, аттарды,
жирафтарды, павлиндерди, көпөлөктөрдү, анжирди, зайтунду, апельсинди,
шабдалыны, анарды, дарбызды, коонду, помидорду, бананды, жоогазынды, фиалканы,
кулпунайды, орхидеяны, гүлдү жана оюңузга келген келбеген жүздөгөн, миңдеген
жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана ар кандай жандыктын баарын жасай алат. Албетте,
мындай көз-караштардын баары сандырактык гана. Бүт нерсенин Жаратуучусу –
Аллах.
Алар Аллахтын кудуретин
жакшы түшүнө алышкан жок. Күмөнсүз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу).» (Хаж
Сүрөсү, 74)
4. Клеткалардын формасындагы долбоор эволюция теориясынын жараксыздыгына жетиштүү бир далил
Денеңиздеги
болжол менен 200 түрдөн турган клеткалар кээ бир тараптардан гана бири-биринен
айырмаланышат. Бул айырмачылыктардын эң негизгилеринин бири – бул алардын
формасы. Нерв клеткалары, булчуң клеткалары, кан клеткалары... Булардын
баарынын механизмдери бирдей болгону менен, формалары кемчиликсиз
долбоорлонгону себептүү кызмат кылган жеринде максимум натыйжа менен иштешет.
Формасы башка
башка болгон клеткаларга нерв клеткалары менен кан клеткаларын мисал келтирүүгө
болот. Нерв клеткаларынын жүлүндөн бутка чейин созулган, болжол менен 1 метрлик
бутактары бар. Натыйжада сигналдар бир клеткадан экинчисине өтүп, эч убакыт
жоготпостон бир линия аркылуу бара турган аймагына жетип алышат. Кан
клеткаларынын көлөмү болсо, нерв клеткаларынын тескерисинче, 7 микрометр гана
болот. Мынчалык кичинекей болушу алардын микроскопиялык өлчөмдөгү
капиллярлардан кысылбай өтө алышына шарт түзөт. Ошондой эле, кичинекей дискке
окшогон бул клеткалардын эки бетинин тең ичин көздөй чукурайган болушу алардын
кычкылтек менен көмүр кычкыл газын алып-берүүдөгү аянтын максимумга жеткирет.
Ар бир миллиметр куб канда бул клеткалардан миллиондогон даана бар экенин
ойлосоңуз, газ алмашуу жасалган аянттын чоңдугун оңой эле элестете аласыз.
Көзүңүз менен
кулактарыңыздагы клеткалардын формалары дагы өзгөчө. Ички кулактагы кулак
чыгырыгында (улитка) кичинекей түкчөлөрдөн турган клеткалар болот. Булар үн
толкундарынын таасири менен дирилдеп, кулактын ичиндеги суюктуктун толкунунан
келип чыккан басымды нерв сигналына айландыруучу бир механизм кызматын
аткарышат. Көздөгү жарыкты сезүүчү тордомо клеткаларынын дизайны дагы өз
кызматына эң ыңгайлуу жасалган. Тордомо челдеги кумганча клеткаларында жарыкты
сезүүчү пигменттерден жана нерв байламталарынан турган көп санда челдер бар.
Бул кумганча клеткаларынын жарыкка карата өтө сезгич болушуна шарт түзөт.
Ичке ичегиде
болсо өз кызматына ылайык формадагы, азыктарды сиңирүүчү клеткалар бар. Клеткалардын
баарынын үстүңкү бөлүгү «микро түктөр» деп аталган микро көлөмдөгү жүздөгөн
түкчөлөр менен капталган. Бул түкчөлөрдүн бетиндеги ташыгыч молекулалар
азыктардагы ишке жарактуу бөлүктөрдү алып, ишке жарабагандарды артка
кайтарышат. Ошентип азыктарды сиңирүүнүн дагы бир этабы ишке ашат.
Адамдын бүт
клеткаларынын бир клетканын бөлүнүп көбөйүшүнөн пайда болгонун унутпаш керек.
«Клеткалар өз кызматына эң ыңгайлуу форманы өздөрү тандап алып, дене пайда
болуп жатканда ошол формага кирип калышкан» деп ойлоо логикага такыр туура
келбейт. Булардын баары бизге клеткаларды, өз кызматын эң натыйжалуу жасай ала
турган формада, чексиз акылдуу Аллахтын жаратканын апачык көрсөтүүдө.
![]() |
| 1. Кан клеткасы 2. Нерв клеткасы 3. Көздөгү кумганча клетка |
5. Клеткалар бири-бирин кантип тааный алышат?
Баарыбыз жогорку
класста же университетте адамдын калыптанышы жөнүндөгү маалыматтарды окуган
болушубуз керек. Башында бир тиштем эт болгон эмбрион акырындап формага келип,
клеткалардын бир бөлүгү колдорду, бир бөлүгү ички органдарды, бир бөлүгү болсо
көздөрдү пайда кылуу үчүн бөлүнүп чыгышат. Ар бир клетка бара турган жерин,
кайсы органды пайда кылаарын, канчага көбөйөөрүн, качан токтоорун билет. Бирок
төмөнкү абзацта айтылгандар бизге эмбриондун калыптануу процессиндеги дагы бир
таң калыштуу маалыматты берүүдө:
Бир эмбриондун ар
кайсы органдарына тиешелүү клеткаларды –ал чөйрөдөгү кальцийдин санын азайтуу
аркылуу- бөлүп салып, андан соң ар кайсы органга тиешелүү бул клеткаларды
ыңгайлуу бир шартта жакшылап аралаштырсак, бул клеткалар кайра бири-бирине
тийгенде, бир органга тиешелүү клеткалар бири-бирин ТААНЫШАТ жана ар бир
органдын клеткалары өз-өзүнчө топтолушат. (Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve
Hekimlikte Fizyoloji, Meteksan Yayınları, Ankara, 1998, 10. baskı, s. 40)
Башкача
айтканда, клеткаларды алгач бири-биринен бөлүп салып, анан кайра кошсок, бир
органды түзө турган клеткалар бири-бирин таанып, кайра биригишет.
Мээси да, нерв
системасы да, көзү да, кулагы да болбогон бул клеткалар бири-бирин кантип
таанышат? Ар түрдүү молекулалардын биригишинен келип чыккан бул акылы,
аң-сезими болбогон клеткалар башка клеткалардын арасынан өзүнө окшош типтеги
клетканы кантип тандай алышат? Кийинчерээк биригип, бир органды түзүшөөрүн
кайдан билишет? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул улуу аң-сезимдин булагы
эмне?...
Бул аң-сезимдин
булагы – бүт ааламды жоктон жараткан, ааламдардын Рабби Аллах.
6. Аллахтын бар экендигинин далилдерин айтып берүү менен адамдарды атеисттик философиялардын саздагынан куткара аласыз
Дарвинисттердин
ою боюнча, бүт жандыктар башаламан кокустуктардын натыйжасында пайда болушкан.
Бирок денебиздеги миңдеген комплекстүү системалар бул «кокустук» сандырагын
четке кагууда. Алардын бири – бир гана клетканы кыймылдатуу милдети жүктөлгөн
түкчөлөрдүн түзүлүшүндөгү миңдеген майда-бараттар.
Кээ бир
клеткалар кирпикке окшогон түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Мисалы, дем алуу
каналдарындагы кыймылсыз клеткалардын ар биринин жүздөгөн түкчөлөрү бар.
Түкчөлөр, кайыктын калакчылары сыяктуу, бирдей кыймылдап, клетканы алга
жылдырышат.
• Бир түкчөнү тигинен кессек, анын тогуз бөлөк
чыбыкча (микротрубка) формасындагы түзүлүштөн тураарын көрөбүз.
• Микротрубка деп аталган чыбыкчалар бири-бирине
кирген эки шакектен турат.
• Бул шакектердин бири он үч, экинчиси он «сымдан»
(провод) турат.
• Микротрубкалар тубулин деп аталган белоктордон
турат.
• Микротрубкада ичинде «динеин» аттуу бир белогу
бар сырткы кол жана ички кол деп аталган эки бутакча болот. Динеин белогуна
клеткалардын арасында мотор кызматын аткарып, механикалык бир күчтү пайда кылуу
милдети жүктөлгөн.
• Тубулин белогун түзгөн молекулалар кирпичтердей
болуп тизилип, клеткада цилиндрге окшогон бир форманы пайда кылышат. Бирок
тубулин молекулаларынын тизилиши кирпичтерге караганда алда канча комплекстүү.
• Түкчөлөрдүн ортосунда дагы эки микротрубка
болот. Булар өзүнчө турушат жана он үч тубулин лентасынан түзүлөт.
• Ар бир тубулиндин үстү жагында он даана кыска
дөмпөкчө, асты жагында болсо он даана чуңкурча болот. Бул дөмпөкчө менен
чуңкурчалар бири-бирине туура келе тургандай формада жаратылган. Ошондуктан өтө
бекем бир түзүлүштү пайда кылышат. Өзгөчө бир долбоордо жаратылган бул
дөмпөкчө, чуңкурчалардагы кичинекей бир кемчилик клетканын түзүлүшүнө зыян
тийгизет.
Бул жерде кыскача жана өтө жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөлгөн бул
бөлүкчөлөрдүн баары биригип бир даана түкчөнү түзүшөт жана алардын бир гана
максаты бар: денеңиздеги триллиондогон клетканын бирөөсүн кыймылдатуу. Ушул
күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын дем алуу
каналындагы клеткалардын ар биринде ушундай татаал бир система бар. Болгондо
да, бул комплекстүү жана көптөгөн бөлүктөрдөн турган система көзгө көрүнбөгөн
кичинекей клетканын ичиндеги бир түкчөнүн ички бөлүктөрү. Бул жерде канчалык
кичинекей аянт жөнүндө сөз болуп жатканын төмөнкүдөй салыштыруу аркылуу
жакшыраак түшүнө аласыз: жогоруда айтылгандарды бир тал чачка батыруу да адам
акылына сыйбас, өтө татаал бир жумуш болмок. Бирок булар бир тал чачка
салыштырууга болбой турган кичинекей түзүлүштөр. Аллах биз көрө албай турган
кичинекей бир жерге өтө системалуу жана комплекстүү бир механизмди орноткон.
Кокустуктардын бир клетканы кыймылдатуунун жолун ойлонуп, ал үчүн ушундай бир
системаны курушу жана мынчалык кичинекей бир аянтка батырышы эч качан мүмкүн
эмес.
7. Денебиздеги мунайзат иштетүүчү завод
Отурган
жериңизден туруп басышыңыз, тик турушуңуз, дем алышыңыз, көздөрүңүздү ачып-жумушуңуз,
кыскасы, өмүр сүрүшүңүз үчүн керектүү энергия клеткаларыңыздагы митохондрия деп
аталган станцияларда өндүрүлөт. Муну станцияга салыштыруунун туура эле экенин
митохондриядагы процесстерди анализ кылганда жакшы түшүнөбүз.
Клеткада
энергияны өндүрүүдө негизги ролду кычкылтек ойнойт. Кычкылтектин көптөгөн
жардамчылары бар. Энергия өндүрүүнүн дээрлик ар бир этабында көптөгөн
ферменттер кызмат аткарышат. Бир этапта өз жумушун бүтүргөн ферменттер өтө
акылмандык менен кийинки этапта өз ордун башкаларга өткөрүшөт. Ошентип ондогон
процесстердин, бул процесстерде кызмат кылган жүздөгөн ферменттердин жана
сансыз химиялык реакциялардын натыйжасында азыктарда чогултулган энергия
клетканын ишине жарай турган формага алып келинет. Ферменттердин алмашуусунда
эч башаламандык чыкпайт, кезектерде эч жаңылыштык кетирилбейт; бүт кызматкерлер
өтө дисциплиналуу бир командадай иштешет.
Бул жагынан миллиметрдин 100дөн бириндей болгон клеткаларыбыздын ичиндеги «энергия станциясын» бир мунайзат иштетүүчү заводдон же бир гидроэлектрдик станциядан да татаалыраак деп айта алабыз.
Бул жагынан миллиметрдин 100дөн бириндей болгон клеткаларыбыздын ичиндеги «энергия станциясын» бир мунайзат иштетүүчү заводдон же бир гидроэлектрдик станциядан да татаалыраак деп айта алабыз.
Бир мунайзат
иштетүүчү завод мунайзаттын эмнелигин билген, чийки мунайзатты лабораторияларда
анализ кылган жана бул илимий маалыматтардын негизинде иш алып барган
инженерлер тарабынан курулуп, иштетилет. Мунайзаттын эмнелигин билбеген
адамдардын бир мунайзат иштетүүчү заводду кура албашы анык.
Мунайзатты
иштетүүдөн алда канча комплекстүү болгон тирүү организмдин клеткасындагы
энергия өндүрүшү дагы, ушул сыяктуу эле, илимди талап кылат. Бирок клетканын үйрөнүү
жөндөмү бар деп айтуу, албетте, күлкүмүштүү болот. Анда бул өндүрүштү клетка
кантип жасап жатат?
Негизи, эч бир
клетканын биологиялык бир функцияны, ачык айтканда, «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгү жок.
Эгер клетка башында пайда болгондо мындай функцияны аткара албаса, анда
кийинчерээк муну жасай турган жөндөмгө жетүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Себеби
энергияны өндүрүүдө негизги ролду ойногон кычкылтектин клетканы бузуучу таасири
бар. Клетканын бул өзгөчөлүктөрү менен бирге пайда болушу шарт. Бул
клеткалардын кокустан пайда боло албашын, аларды Улуу Аллахтын бир көз ирмемде
жаратканын көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана.
Аллах
миллиметрдин 100дөн бириндей кичинекей бир аянтка батырган бул чеберчилиги
аркылуу бизге кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.
8. Клеткаларыңыздагы жашоонун энергиясы: АТФ молекуласы
Азыктардан
алынган энергияны клетка өз иш-аракеттерин жүргүзүүдө түздөн-түз колдоно
албайт. Бул энергия алгач АТФ (аденозинтрифосфат) аттуу өзгөчө бир молекуланын
ичине пакеттелет. Андан соң клетканын ичиндеги бүт өндүрүштөрдө жана ташуу
жумуштарында колдонулат.
Эс алуу
абалындагы бир адам бир күндө орточо 45 кг АТФ молекуласына муктаж болот. Бирок
кызыгы, күндүн кайсы бөлүгүндө карабайлы, денедеги АТФтын көлөмү 1 граммдан
ашпайт. Себеби АТФ молекуласы сактап коюлбайт жана тынымсыз колдонууга ыңгайлуу
атайын пакеттер формасында даярдалат. Бирок клеткадагы жашоонун бул энергиядан
көз-каранды экенин унутпаш керек. Ошондуктан АТФ өтө ылдам даярдалышы зарыл.
Секунда сайын денеңиздеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринде 10
миллион АТФ молекуласы эч тынымсыз өндүрүлүп турат.
![]() |
| 1. Жарык, 2.
Жылуулук, 3. Электр энергиясы, 4. Клеткадагы физикалык кубулуштар, 5. Бөлүп чыгаруу, 6. Химиялык кубулуштар, 7. Кыймыл. АТФ колдонулган кубулуштар жана ал айланган энергия түрлөрү |
Мындай ылдамдык
кантип алынат?
Клетканын ичинде
энергия керек болгондо, АТФ курамындагы 3 фосфат молекуласынын арткысын жулуп
салат; башкача айтканда, энергия пакетинин капкагын ачат. Арткы фосфат бөлүнүп
салган соң эркиндикке чыккан энергия клетканын ичиндеги иш-аракеттерди
жүргүзүүдө колдонулат. Жана бул процесс абдан таң калыштуу бир ылдамдыкта, эч
үзгүлтүксүз уланат.
Албетте,
атомдордон турган бир молекуланын клетканын ичиндеги иш-аракеттер үчүн керектүү
энергиянын көлөмүн аныктап, ошого жараша өндүрүш жасашы мүмкүн эмес. Бул
өндүрүш үзгүлтүксүз жасалышы үчүн эң ыңгайлуу пакеттөө системасына да кокустан
жетип калган эмес. Клетканы да, клетканын ичиндеги ар бир молекуланын
кыймыл-аракети менен өндүрүшүн да жараткан Аллах АТФ молекуласын да эч
кемчиликсиз кылып, жандыктардын кызматына берген.
9. Клеткадагы жол кыймылдарын ким тартипке салат?
«Гольджи
аппараты» бүт клеткаларда болот, жана жаңы синтезделген белокторду даярдоодо
жана түрлөрүн тандап, бөлүштүрүүдө маанилүү роль ойнойт.
Клетканын ар
кайсы бөлүктөрүндө жүргөн ар кандай түрдөгү белоктор клетканын бир бөлүгү
болгон эндоплазмалык тордо (эндоплазмалык ретикулумда-ER) синтезделишет.
Белоктор синтезделген соң бир канча мүнөттүн ичинде эндоплазмалык тордон чыгып
Гольджи аппаратына барышат. Белоктордун өндүрүлгөн соң бул процесстерден
өтүшүнүн өтө маанилүү себептери бар. Гольджи аппаратында белоктор ар кандай
өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Мисалы, кээ бирлерине углевод, кээ бирлерине болсо
сульфат, фосфат же май кислоталары кошулат. Мындай өзгөрүүлөр белоктордун
түрүнө жана бара турган жерине жараша өзгөрөт. Гольджи аппараты бул белокторду
тазалап, түрүнө жана бара турган органына жараша бөлүштүрүп, пакеттейт.
Пакеттерди да клетканын түрүнө жараша өзү жасайт. Бирок эндоплазмалык тордо
синтезделген миңдеген белоктун биохимиялык иш-аракеттери бири-бирине аралашпашы
үчүн бул процесстер өтө кылдат жасалып, белоктор бара турган жерине багытталышы
керек. Клеткадагы бул жол кыймылын Гольджи аппараты жөнгө салат. Бул кичинекей
органеллдин жасаган ар бир иш-аракетинде абдан чоң бир акыл бар. Ага келген
белокторду тааныйт, бөлүштүрөт, муктаждыктарын аныктайт, муктаждыкка жараша
өндүрүш жасайт, аткара турган кызматтарын аныктайт, аларды пакеттейт жана
ушундай интенсивдүү кыймылды эч башаламандык чыгарбай жөнгө салат. Клеткага
жана клетканы түзгөн бөлүктөрдүн баарына бул акылды, чечим алуу жана аны
турмушка ашыруу жөндөмүн илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Аллах.
10. Боордун абдан чоң бир лаборатория экенин билесизби?
Акыркы
технология менен жабдылган, эч кемчиликсиз бир лабораторияны «бул өзүнөн-өзү
пайда болду» деп эч ким айта албайт. Бирок эволюционисттер боордогу теңдешсиз
лаборатория комплексинин өзүнөн-өзү пайда болгонуна ишенишет жана бул
көз-карашты эч далили жок туруп жакташат. Себеби дарвинизм – адамдардын акылын
тосуп салуучу бир сыйкыр жана негизсиз, жалган бир дин.
Бооруңуздун бир
даана клеткасында 500 түрдүү химиялык процесс жасалат. Миллисекундалардын
(секунданын миңден бири) ичинде кемчиликсиз этаптар менен ишке ашкан бул
процесстердин көпчүлүгүн адамзат лаборатория шарттарында дагы эле туурай албай
келүүдө. Боор клеткасы жеген азыктарыбыздын баарын клеткаларыбыз колдоно ала
турган энергия булагы болгон кантка, башкача айтканда, глюкозага айландырат.
Колдонулбаган кантты майга айландырып сактап койот. Кант жок болгондо болсо
белоктор менен майларды кантка айландырып клеткаларга берет.
Кыскасы, биз
табитибиз тарткан ар кандай азыктарды жегенде, боор алардын баарын денебиздин
муктаждыгына жараша сарптайт, айландырат же сактап койот. Жана алгачкы адамдан
бери триллиондогон боор клеткалары дал ушундай аң-сезим жана билим менен эч
жаңылбай, өз жумушун аткарып келүүдө.




















Комментариев нет:
Отправить комментарий